17-августтан 19-августка чейин аба ырайы туруксуз болот. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
“Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз. Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат”,-деп билдирди ӨКМ.