Чолпон-Атада Борбор Азиянын өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун форуму өттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага Казакстандын, Өзбекстандын ӨКМ башчылары, Тажикстандан министрдин орун басары жана БУУнун Кыргызстандагы кеңсесинин туруктуу координаторунун жана Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун өкүлдөрү катышты.
Жыйынга төрагалык кылган Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев табигый кырсыктарды алдын алууга багытталган кадамдарды жасоого убакыт жеткенин белгиледи. Ал аталган форум Борбор Азия өлкөлөрүнүн стратегиялык кадамдарын аныктаган аянтча болуп саналарын билдирди.
Жыйында климаттын өзгөрүшү, өзгөчө кырдаалдарга туруштук берүү жана алдын алуу, табигый кубулуштарга мониторинг, божомолдоо жүргүзүү дегеле, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана ошондой эле гуманитардык жардамдар тууралуу талкуулашты.