Жаңылыктар
Кулпунай менен малинанын экспорту көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кулпунай менен малинанын экспорту көбөйдү

Кыргызстан Казакстан менен Орусияга мөмө-жемишти экспорттоо көлөмүн көбөйдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы 8 айда Кыргызстан 4616,6 тонна кулпунай экспорттогон. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 20,5%га көп, ал эми малина 1470 тонна эскпорттолуп, былтыркыга караганда 36,4% га жогорулаган.

Кара карагат дээрлик 50%га көп сатылды, былтыр 94 тонна экспорттолгон болсо, быйылкы жети айда 150 тонна сатылган.

Ошондой эле-2024–жылдын январь-май айларында өлкөдөн 236 миң 572 тонна, 10,9 млн даана жана 1 134 м3 карантинге алынган продукция экспорттолуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу товарлардын экспорту 28 миң 280 тоннага, 7,2 млн даанага жана 273 куб метрге көбөйгөн.