Жаңылыктар
Мэрия: “Жол салган уюмдар жолдордун сапатына 3 жылга кепилдик берет”
Кыргызстан жаңылыктары
Мэрия: “Жол салган уюмдар жолдордун сапатына 3 жылга кепилдик берет”

Капиталдык оңдоону жүргүзгөн жол салуучу уюм менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, жумушту аткаруучу тарап жол тилкесинин сапатына 3 жылдык кепилдик берет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кепилдик мөөнөтү иштеген убакыт ичинде жол тилкеси чөгүп, жарылып же мөөнөтүнөн мурда сапатын жоготсо, жол салган уюм өз эсебинен калыбына келтирет.
 
Айрым медиа каражаттарына жарыяланган кемчиликтер буга чейин муниципалитеттин тиешелүү кызматтары тарабынан аныкталган. Бүгүнкү күндө ал тилкелер көзөмөлгө алынып, иш жүрүп жатат. 
Азыркы учурда негизги максат – белгиленген көчөлөрдө капиталдык капиталдык оңдоону аягына чыгаруу”,-деп жазылган билдирүүдө.
 

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын август айынын аягына чейин аныкталган бардык кемчиликтерди жоюу, курулуштун сапатын талапка ылайык келтирүү боюнча ыкчам чаралар көрүлөрү белгилүү болду.
 
Капиталдык оңдоодон өткөн көчөлөрдө жол тилкеси жарактан чыккан учурларды же кемчиликтерди байкагандар төмөнкү номерлер аркылуу билдирүү калтырса болот:
 

Октябрь району — (0708) 83-83-23, (0312) 53-03-15 (Осмоналиев Азамат);
Ленин району — (0555) 31-21-85, (0312) 53-03-15 (Шаршамбеков Кубаныч);
Биринчи май району — (0500) 50-02-57, (0312) 53-03-15 (Мамыр уулу Бакберген);
Свердлов району — (0707) 65-17-17, (0312) 53-03-15 (Борубаев Талант).