Байышбек Астанакулов Талас шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Президент Садыр Жапаров кол койду.
Өлкө башчысы кол койгон башка тескемеге ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Байышбек Астанакулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Астанакулов Байышбек Кахроманович 1988-жылы 13-мартта Кадамжай шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. Ош технологиялык университетин “финансист” адистиги боюнча, Жалал-Абад эл аралык университетин (КЭУ) “укук таануу” адистиги боюнча бүтүргөн; КР Президентине караштуу Башкаруу академиясынын “мамлекеттик башкаруу” адистиги боюнча магистранты; Түркиянын Анкара шаарында окуудан өтүп, Европадагы сот тутуму боюнча сертификаты бар адис.