Жаңылыктар
Жетим калган балдар үчүн депозит ачуунун тартиби
Кыргызстан жаңылыктары
Жетим калган балдар үчүн депозит ачуунун тартиби

Кыргызстанда томолой жетим калган балдар үчүн мамлекет тарабынан ачыла турган депозитке каражат топтоо жана аны тескөө тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Документ президенттин "Келечекке салым" деп аталган мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндөгү" жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты. 

Ага ылайык, кароосуз калган балдарга мамлекеттик банктардын биринен депозит ачылып, мамлекеттик казынадан ар бирине 500 миң сомдон кем эмес сумма бөлүнөт. Алар депозиттеги каражатты 18 жашка толгондон кийин пайдалана алышат. Бул акчаны билим алууга, ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртууга же турак жай сатып алууга жумшаса болот.