Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Президенттин администрациясынын кызматкерлери менен кеңейтилген жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров өлкөнүн алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн координацияланган ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Администрациянын ишинин негизги аспектилерине токтолуп, мыйзамды так сактоонун жана аткарылган иш үчүн жогорку жоопкерчиликтин зарылдыгына токтолду.
“2024-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 677 миллиард сомдон ашты, ал эми ИДПнын реалдуу өсүү темпи 8,7%ды түздү. Эгерде Кумтөрдүн салымын эске албасак, анда ИДПнын көлөмү реалдуу түрдө 10,6%га өстү, бул өлкөдөгү экономиканын олуттуу өсүшүн жана 2023-жылга салыштырмалуу өсүү темптин тездегенин белгилейт”, – деди Акылбек Жапаров.
Жапаров айтымында, дүйнөлүк туруксуздуктун жана чакырыктардын шартында мындай өсүш экономика жөн эле ыңгайлашпастан, ал жаңы деңгээлге чыгып, чыныгы бурулушту көрсөттү.