Жаңылыктар
Акылбек Жапаров: Кыргызстан өзүн дүйнөгө чоң амбициялары бар, түптөлгөн өлкө катары билдирүүгө тийиш
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров: Кыргызстан өзүн дүйнөгө чоң амбициялары бар, түптөлгөн өлкө катары билдирүүгө тийиш

Учурдагы реалдуулуктун чегинен чыгуу зарыл болгон мезгил келди, Камбар-Ата-1 ГЭСин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырууга даяр өлкө катары Кыргызстан өзүн дүйнөгө чоң амбициялары бар, түптөлгөн өлкө катары билдирүүгө тийиш. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын кызматкерлери менен болгон жыйын учурунда билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабы курулуп жатканын белгиледи. Ал азыркы Кыргызстандын заманбап эгемендүүлүгүнүн жана мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышынын маанилүү этабы болгон Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында быйыл ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын, анда 100дөн ашык өнөр жай ишканалары жана 100 социалдык объект ишке киргизилерин эске салды.

Акылбек Жапаров ошондой эле Moody's, Standard & Poor's жана Fitch агенттиктеринин суверендүү рейтингдеринде Кыргызстандын позициясын бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Биздин милдет – бул рейтингдерде өлкөнүн позициясын жакшыртуу, инвестиция тартуу жана кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биздин реформалардын, прогресстин жана жакшы жакка умтулуунун натыйжасын дүйнө көрүшү үчүн биз колдон келгендин баарын кылышыбыз керек. Биздин стратегиялык максат, өлкөнүн стабилдүүлүгүн жана гүлдөп өнүгүүсүн камсыз кылууга умтулуу. Биз Давос Дүйнөлүк Экономикалык Форуму, Дубайдагы Дүйнөлүк Өкмөттүк Саммити, Азия жана дүйнө өлкөлөрүнүн ортосундагы диалог үчүн эң чоң аянтча болгон Боаодогу (Кытай) Азия экономикалык форуму сыяктуу аянтчаларда катышууга умтулушубуз керек. Биз аны менен токтоп калбастан, жетишкендиктерибизди, амбицияларыбызды, реформаларга берилгендигибизди жана кызматташууга даяр экенибизди дүйнөгө көрсөтүү менен өзүбүздүн уникалдуу көз карашыбызды жана тажрыйбабызды алып чыгышыбыз керек. Бул жөн гана өзүбүздү билдирүү эмес, маанилүү байланыштарды түзүүгө, инвестиция тартууга, стратегиялык өнөктөштүккө жетишүүгө мүмкүнчүлүк”, – деди ал.

МинКаб Төрагасы республика 2030-жылга чейин БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кириши, ошондой эле 2030-жылга чейин ИДПнын көлөмүн 30 млрд долларга жеткирүүсү керектигин эске салды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров өз сөзүндө Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринен максималдуу берилгендик, чыгармачылык мамиле жана жогорку натыйжаларга жетүү үчүн дайыма умтулуу талап кылынарын белгиледи.

“Бизди алдыда көп иштер күтүп турат, бирок биздин команда Президенттин жетекчилиги алдында алдыга койгон максаттарга жетип, Кыргызстанды жаңы деңгээлге чыгарарына ишенем. Биздин ар бир кадамыбыз, ар бир чечимибиз менен жарандарыбыздын бакубаттуулугун жогорулатууга, өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы позициясын бекемдөөгө багытталгандай иштейли. Кыргызстандын чоң мүмкүнчүлүктөрү бар, келечеги кең өлкө экенин бүт дүйнөгө көрсөтүшүбүз керек. Аракет кылуу мезгили келди!” – деди Акылбек Жапаров.