Жаңылыктар
20-августтун аба ырайы
Кыргызстан жаңылыктары
20-августтун аба ырайы

Эртең, 20-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күңдүз Ысык-Көл, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүүдө.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетсе, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27 градус жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +30…+32 ысыйт.