Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 350,6 млн сомго жаңы техникаларды сатып алды.
Алынган техникалар, 31-август Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 33-жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунунун 100-жылдыгына арналган чоң салтанатта алгачкы колдонууга орнотулат. Анын ичинде төмөнкү жабдуулар жана техникалар бар:
- 786 чарчы метрди түзгөн сахна;
- 428 даана жарык берүүчү жабдуулар;
- 700 чарчы метрди түзгөн LED-экрандар;
- 12 х 28м сахнанын темир жабдыктары;
- 16 даана атайын эффект берүүчү жабдыктар;
- L-ACOUSTICS үн күчөткүчтөр;
- L-ACOUSTICS (пульт);
- 20160 чарчы метр лаер.