20-августтан баштап Кыргызстанда кыймылсыз мүлк жана унааларды сатууда сөзсүз түрдө камсыздандыруу полиси талап кылынат. Ансыз жарандар бири-бири менен сатып алуу келишимин жүргүзө албайт.
Тиешелүү токтомду Министрлер Кабинети кабыл алды жана документ Президенттин “Камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.