Жакында эле дүйнөгө белгилүү Харли-Девидсон мото клубунун өкүлдөрү Кыргызстанды түрө кыдырып, өлкөнүн туристтик багытта таанылышына чоң өбөлгө болгон. Эми болсо, "Жибек-Жолундагы тоо жарыш" аталышындагы ири веломарафон өтүп жатат. Бишкектен сапар алган катышуучулар, бүгүн Нарындын Соң-Көл жайлоосунан өттү.