Жаңылыктар
Улуттук банк "Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл" коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банк "Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл" коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк "Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл" аталышындагы күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды.

Маалым болгондой, аталган коллекциялык монета Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган.

Анын алдыңкы бетинде Ала-Тоо тоолору жана “100” деген сан, оймо-чиймелержана “жыл” деген жазуу жазылган.

Төмөн жагында Кыргызстандын улуттук символу – ак илбирстин сүрөтү, ошондой эле монетанын номиналы "10 сом" чагылдырылган. Монетанын жогору жагында Ала-Тоо тоолору түшүрүлгөн. Монетаны тегерете "Кара-Кыргыз автономиялуу облусу/Кара-Кыргызской автономной области – 100 лет" деген жазуу жайгашкан.

Ал эми арткы бетинде болсо, Ала-Тоо тоолорунда кездешкен гүлдөрдү чагылдырган оймо-чиймелердин так ортосунда Кыргызстандын герби жайгашкан. Монетанын оң жана сол тараптарында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики" жазуулары түшүрүлгөн.

Металлдын сапат белгиси 925, салмагы 28,28 грамм.

Аталган коллекциялык монета 4820 сомго бааланат.