Жаңылыктар
Жайыл районунда 470 млн сомдук жер мамлекеттин балансына кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жайыл районунда 470 млн сомдук жер мамлекеттин балансына кайтарылды

Жайыл районунда 470 млн сомдук жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Чүй облусунун Жайыл районундагы мурда “Буудай” ААКка тиешелүү болгон 31,5 га жер тилкеси төмөндөтүлгөн нарк боюнча чыгарылгандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, 2007-жылы мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, акционердик коомдун жооптуу кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп, мамлекеттин менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттери боюнча маалыматка жетүү мүмкүндүгүнө ээ болуп, жеке баюу максатында Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылынын аймагында жайгашкан 31,5 га өлчөмүндөгү "Аэродром" жер участогунун учуу-конуу тилкесин жана химикаттарды сактоочу кампасын, ошондой эле "Буудай" ААКга таандык башка курулуштарды 185 миң сомго мыйзамсыз алып чыгышкан.

Мындан улам, 2024-жылдын 14-августунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында болжолдуу баасы 470 млн сомду түзгөн аталган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Учурда УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.