Бүгүн, 21-августта саат 12:00гө карата Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагындагы сел сууларынын кесепеттерин жоюу иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, селдин кесепеттерин жоюуга жалпысынан 854 адам жана 58 инженердик техника тартылып, анын ичинен 383 ӨКМдин куткаруучусу, 11 инженердик техника, 8 мотопомпа, Жарандык коргонуу кызматынан 471 кызматкер, 32 инженердик техника, 4 ассенизатор, "Чайна-Роуд" ишканасынан 15 инженердик техника 15, айдоочу иштеп жатат.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын 18-август түнкү саат 21:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон аккан суулар Садыр-Аке айыл аймагында жайгашкан бир нече айылды сел суулары каптаган.
Азыркы учурда селден жабыр тарткан жалпы 159 турак үй толук тазаланып бүттү.