28-31-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда спорттун улуттук түрлөрү боюнча Президенттин кубогу өтөт.
Маалыматка караганда, мелдештин алкагында көк бөрү, эр эңиш, салбуурун, ат оюндары, ат чабыш жана кыска аралыкка ат чабыш боюнча оюндар болот. Ага республиканын бардык аймагынан спортчулар катышат. Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.