Жаңылыктар
Мектептерде акча чогулткан кызматкерлер жоопкерчиликке тартылат
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептерде акча чогулткан кызматкерлер жоопкерчиликке тартылат

Мыйзамсыз акча алган билим берүүнүн кызматкерлери жоопко тартылат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Окуучуларды 1-класска кабыл алууда, башка мектепке которууда жана балдарды бала бакчага киргизүүдө коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбейт.

Буга байланыштуу УКМК мыйзамсыз акча алган кызматкерлер жана пара бергендер жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Эгер ушундай жагдайларга туш болсоңуз 0312-66-04-75 номуруна кайрылсаңыздар болот.

Белгилей кетсек, буга чейин билим берүү тармагындагы бир катар адамдар коррупцияга шектелип калмалган.