Жаңылыктар
Мүлк салыгын төлөбөгөндөргө 5 миң сом айып салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Мүлк салыгын төлөбөгөндөргө  5 миң сом айып салынат

1-сентябрда транспорт каражатына, турак үй, батирге жана жер тилкелерине салык төлөө мөөнөтү бүтөт. Бул тууралуу Салык кызматы билдирет.

Маалым болгондой, мүлк салыгын төлөбөгөндөргө жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат.

Белгилей кетсек, жарым жылда Мамлекеттик салык кызматы 2,7 млрд сом мүлк салыгын чогултту.

Анын ичинде:

– кыймылсыз мүлк салыгы боюнча түшүүлөр 1 млрд 155,6 млн сомду түздү. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 120,6 млн сомго көп;
 – кыймылдуу мүлк салыгы боюнча түшүүлөр 574,8 млн сомго жетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35,3 млн сомго жогору;
 – жер салыгы боюнча түшүүлөр 1 млрд 7,9 млн сом болду. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 129,2 млн сомго көп.