Жаңылыктар
Мектептер 10 баллдык баалоо системасына өтпөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептер 10 баллдык баалоо системасына өтпөйт

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө 5 баллдык баалоо системасы сакталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, Билим берүү министрлиги тарабынан сунушталган 12 жылдык окууга өтүүдө 10 баллдык баалоо системасы жок.

Министрлик Кыргыз билим берүү академиясынын сайтына жарыяланган маалымат айрым эксперттердин пикири экенин жана билим берүү министрлигинин расмий позициясын чагылдырбасын баса белгилейт.