Жаңылыктар
Ысык-Көл: Туура-Суу айылынын тургундары эвакуацияланууда
Өзгөчө кырдаал
Ысык-Көл: Туура-Суу айылынын тургундары эвакуацияланууда

Тоң районундагы Туура-Суу айылында коопсуз жайга эвакуацияланган тургундардын саны 400гө жетти. Алар коңшу Эшперов жана Ак-Сай айылдарындагы мектептерге жайгаштырылууда. Бул тууралуу облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн билдиришти. 

Зындан көлү жырылып, суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу сууну локализациялоо жана Тоң дарыясынын нугун буруу чечими кабыл алынды. Учурда анын кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Жеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, милициянын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү күнү-түнү иштеп жатышат. Жергиликтүү бийлик жана куткаруучулар калктын коопсуздугун камсыздоо жана кырдаалдын кесепеттерин азайтуу үчүн бардык чараларды көрүүдө.