Жаңылыктар
Таш-Көмүрдө теропод динозаврынын калдыгы табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Таш-Көмүрдө теропод динозаврынын калдыгы табылды

Таш-Көмүр шаарына жакын жерден динозаврдын жаңы түрүнүн калдыктары табылды. Муну немец окумуштуулары кыргызстандык илимпоздор менен биргеликте аныктап чыгышкан. 

Илимий табылганы "Манас" эпосундагы мифологиялык куштун атынан Alpkarakush kyrgyzicus (алпкаракуш киргизикус) деп аташкан. Илимпоздордун маалыматы боюнча, теропод динозавры Кыргызстандын аймагында биринчи ирет табылып жатат. Узундугу 9 метрдей болот. Анын калдыктары болжол менен 165 млн жыл мурун пайда болгон катмардан табылган.