Жаңылыктар
"Жунда” заводун модернизациялоо кийинки жылы аяктайт
Кыргызстан жаңылыктары
"Жунда” заводун модернизациялоо кийинки жылы аяктайт

Кара-Балтадагы “Жунда” заводун модернизациялоону 2025-жылы аяктоо мерчемделүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев “Жунда” заводунун жетекчилиги менен жолугушканда белгилүү болду. 

Нурланбек Азыгалиев Хуан Цян баштаган “Жунда” нефтини кайра иштетүүчү заводунун жетекчилиги менен жолугушканда өндүрүш процесстеринин айлана-чөйрөгө экологиялык таасирин азайтуу үчүн аны модернизациялоо маселесине токтолду. Хуан Цян нефтини кайра иштетүүчү заводун ишке киргизүү жана модернизациялоо жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, өндүрүштү модернизациялоонун алкагында зыяндуу заттардын атмосферага чыгарылышын жана жытты максималдуу азайтуу үчүн жабдуулар орнотулат. Хуан Цян кошумчалагандай, жалпы суммасы 169 млн долларды түзгөн “Жунда” заводунун өндүрүшүн модернизациялоону 2025-жылы аяктоо пландалууда. Мындан тышкары, тараптар өндүрүлгөн бензиндин, дизелдик отундун сапатын жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, завод тарабынан социалдык долбоорлорду колдоо маселелерин да талкуулашты.