Жаңылыктар
31-августка карата 40ка жакын өнөр жай ишканасы ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
31-августка карата 40ка жакын өнөр жай ишканасы ачылат

Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата быйыл республика боюнча 100дөн ашык өнөр жай ишканалары жана 100дөй социалдык объект ачылат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, ушул жылдын башынан бери 44 ишкана ачылган. Ал эми 31-августка карата 39 өнөр жай объектинин ачылышы күтүлүүдө. Тактап айтканда, Баткен облусунда 5 ишкана ачылат – 2 кичи ГЭС, кагаз баштыктарын чыгаруучу цех, көмүр казуучу ишкана, ошондой эле Чакуш кенин иштетүү боюнча да иштер башталат. Талас облусунда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу кичи заводдун ачылышы күтүлүүдө.

Ош облусунда 8 объекттин ачылышы болот – муниципалдык тигүү цехи, асфальт заводу, курулуш материалдарын чыгаруучу 2 завод, кичи ГЭС, көмүр казуучу ишкана, ошондой эле Ачы участкасында көмүр брикеттерин өндүрүүчү завод, логистикалык борбор (курулуштун I этабы).

Чүй облусунда 13 ишкананын ачылышы пландалууда, алар – курулуш материалдар комбинаты, курулуш материалдарын чыгаруучу завод, өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу менен текстиль фабрикасынын экинчи этабын ишке киргизүү, нефтини кайра иштетүүчү завод, таңгак чыгаруучу ишкана, алтын өлчөөчү куймаларды чыгаруучу завод, клинкер чыгаруучу завод, цемент заводу, бут кийим фабрикасы, керамзит чыгаруучу ишкана, минералдык жер семирткичтер заводу, “Миронов” кенинде полиметалл рудаларын казып алуу, ошондой эле Ак-Түз жана Бординский калдык сактоочу жайларын иштетүү боюнча иштерди баштоо. Ысык-Көл облусунда 3 ишкана – таштандыларды кайра иштетүүчү завод, сүт азыктарын чыгаруучу ишкана, даяр асфальт аралашмасын жана темир-бетон буюмдарын чыгаруучу завод ачылат. Нарын облусунда 4 ишкана – соода-логистикалык борбор, тигүү өндүрүш ишканасы, курулуш материалдарын чыгаруучу завод, эт комбинаты ачылат.

Жалал-Абад облусунда дизел отунун, бензин, битумду кайра иштетүүчү завод ачуу, ошондой эле “Эти Бакыр-Терексай” ЖЧК ишканасында жаңы алтын бөлүп алуу фабрикасын ачуу пландалууда. Бишкек шаарында жүк ташуучу унааларды чогултуу, нан жана ундан жасалган кондитердик азыктарды чыгаруу боюнча 2 ишкананын ачылышы күтүлүүдө. Ош шаарында текстиль чыгаруучу ишкана жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн кайра иштетүү жана сактоочу заводдун ачылышы күтүлүүдө.