Жаңылыктар
8 миң доллар пара талап кылган тергөөчү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
8 миң доллар пара талап кылган тергөөчү кармалды

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ага тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, тергөөчү арыз ээсинин тууганынан айыбын анча оор эмес беренеге өзгөртүү үчүн 8 миң доллар талап кылган.

Ал 550 миң сом алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.