Жаңылыктар
Улан-Батордо Кыргызстан менен Монголиянын биринчи айымдары жолугушту
Дүйнө
Улан-Батордо Кыргызстан менен Монголиянын биринчи айымдары жолугушту

Биринчи айым Айгүл Жапарова Улан-Батордо өтүп жаткан “Жашыл келечек жолунда” аттуу Бүткүл дүйнөлүк аялдар форумуна катышуунун алкагында Монголиянын Президентинин жубайы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен жолугушту.     

Биринчи айымдар эки элдин ортосундагы достук жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоонун келечегин талкуулашты. 

Лувсандоржийн Болорцэцэг Кыргызстандын Биринчи айымы менен жылуу учурашып, Айгүл Жапаровага Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун колдоосу астында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк аялдар форумуна катышууга чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал тараптар эки өлкө ортосундагы салттуу достукту мындан ары да бекемдей берээрине ишенимин билдирди.     

Өз кезегинде Айгүл Жапарова аталган форумга катышууга чакыргандыгы үчүн, ошондой эле дос Монгол жергесинде кыргыз делегациясына көрсөтүлгөн жылуу меймандостугу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.