Кыргызгидромет маалыматына караганда, 23-25-август күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүүсү, таш кулоосу күтүлүүдө.
Айрыкча Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Ноокен, Тогуз-Торо, Чаткал жана Базар-Коргон райондорунда, Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Араван, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва жана Панфилов райондорунда, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Нарын райондорунда, Талас облусунун Ч.Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунун жана Бишкек, Ош шаарларынын аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн.
Таш кулоо коркунучу бар кооптуу аймактар:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 221-251,9, 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;
- Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;
- Бишкек – Балыкчы Боом капчыгайындагы унаа жолдун 112-128-чакырымдарында;
- Балыкчы – Бөкөнбаева – Каракол унаа жолунун 60, 201-чакырымдарында;
- Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол 1-43, 65-100-чакырымдарында;
- Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;
- Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;
- Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;
- Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 -чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.