Улуттук банк коммерциялык банктарга мобилдик тиркемелер аркылуу акча которууда коммиссиялык акы алууга тыюу салууну сунуштады.
Аталган токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Бул сунуш накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө жана калк үчүн банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталат.