Бишкек жылуулук электр борборунун 3-4-блокторундагы оңдоп-түзөө иштери күз айларынын аягына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Учурда Кытайдан келген 300го чукул адис реновация жасоодо. Анын негизинде объектте энергокубаттуулук көтөрүлө турганы белгиленди.