Орок айылында курулуп жаткан жаңы стадион Борбор Азиядагы уникалдуу, эң чоң спорттук жайга айланат. Ал кыргыз маданиятынын маанилүү бөлүгү болгон боз үйдүн формасында. Башка имараттардан архитектуралык жактан өзгөчөлөнүп турган көп тармактуу ири объектте курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Учурда иштин 15 пайызы бүткөрүлгөн.