Жаңылыктар
Садыр Жапаров Салижан Шариповду 60 жаш мааракеси менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Салижан Шариповду 60 жаш мааракеси менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Баатыры, космонавт Салижан Шариповду 60 жаш мааракеси менен куттуктап, кат жолдоду. 

Анда мындан дээрлик 90 жыл мурда кыргыз жазуучусу Кусейин Эсенгожоев космоско учууну кыялданып, “Үчүнчү шар” аттуу керемет чыгарма жаратканы айтылат. Ошол кыялды 60 жыл өткөндөн кийин космонавт Салижан Шарипов иш жүзүнө ашырганы, Кыргызстандын кызыл туусу менен Ата Мекендин бир ууч топурагын алып, космоско учуп, жалпы мамлекетке эбегейсиз сый-урмат алып келгени, муну менен Кыргызстандын даңкы далайга кеткени жазылат. 

Садыр Жапаров Совет мезгилинде космостук аппараттардын эң керектүү тетиктерин жана приборлорун жасаган республика катары космостук программанын бараандуу өкүлү болуу менен сыймыктанганын баса белгилеп өттү. 

Ошентип, Кыргызстан совет мезгилинде дагы, андан кийин эгемендик жылдарында дагы космостук программаларга өз салымын кошкон мамлекет катары эл аралык коомчулукка кеңири таанылып келгенин кошумчалады.