Жаңылыктар
УКМК бир катар жер тилкелерин мамлекетке кайтарды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК бир катар жер тилкелерин мамлекетке кайтарды

УКМК бир катар жер тилкелерин мамлекетке кайтарды. Алардын баасы 402,6 млн сомду түзөт. 

Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү мамлекетке кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө «Талас айыл көмөк» мамлекеттик акционердик коомунун жетекчилиги мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен тил табышып, мыйзамдын талаптарын бузуу менен, Талас шаарынын базарынын аймагындагы 1,9 га аянттагы жер участокторун жеке менчикке бергендиги аныкталды. 

Мындан улам, Талас облусунун прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын натыйжасында жалпы баасы 402,6 млн сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Учурда мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу иштери уланууда.