Жаңылыктар
Веломарафон: Жозеф Нэйшн биринчи келди
Кыргызстан жаңылыктары
Веломарафон: Жозеф Нэйшн биринчи келди

"Жибек Жолундагы тоо жарыш" веломарафонунун жеңүүчүсү аныкталды. Марага биринчи болуп Жаңы Зеландиялык Жозеф Нэйшн келди. 34 жаштагы велоспортчу 1938 чакырымды 6 күн, 18 саат 10 минутта басып өтүп, Чолпон-Ата шаарындагы белгиленген жерге 24-августка караган түнү, саат үчтөн он минут өткөндө ийгиликтүү келди. 

Ал маршрут татаал болгонуна карабастан жеңишке болгон ишеними дем бергенин айтат. Экинчи болуп америкалык спортчу Том Швембергер келди. Эске салсак, ал алгачкы күндөрү алдына эч кимди чыгарбай келген. Азыр эми сапарын улап келе жаткандардын алдында дагы бир Жаңы Зеландиялык спортчу Руфус Винлок бар. 

Веломарафон 17-августта Бишкектен старт алган. Анын багыты Суусамыр - Сон-Көл - Казарман - Акталаа - Көл-Суу - Нарын - Тамга - Кочкор - Кемин - Чон-Кемин - Чолпон-Ата болуп түзүлгөн. Жалпы 35 өлкөдөн 173 катышуучу келген. Анын 124ү сапарын токтотпой уланткан. Марафон 31-августта Чолпон-Ата шаарында аяктайт.