Тоңдогу Зындан көлү жер алдынан жырылган. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыев билдирди.
Мониторинг жүргүзүлүп тургандыктан тоо көлү жырылары алдын ала маалым болгон. Мындан улам кесепеттердин алдын ала чаралары көрүлгөн. Буга байланыштуу суунун нугу өз учурунда буруп кетишти, - деди Даурбек Сакыев.