Калыйнур Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунда жаңы курулган казарма пайдаланууга берилди. Курсанттар үчүн курулган жаңы имаратты Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров коруп чыкты.
Буга чейин курсанттар 70 жыл мурда салынган эски казармада жашап келген. Эми алар заңгыраган заманбап имаратка көчүп кирүүдө.