Кыргызстанда 15-сентябрдан тарта көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай чечим көмүрдүн баасынын көтөрүлүшүнө жол бербөө жана анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында кабыл алынган.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун тартибине ылайык, мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрөт