Жаңылыктар
Веломарафон: Алгачкы 10 велоспортчу марага жетти
Спорт
Веломарафон: Алгачкы 10 велоспортчу марага жетти

"Жибек Жолундагы тоо жарыш" веложүрүшүнө чыккандардын сапары уланууда. Марафонго катышкандардын ичинен алгачкы 10 спортчу марага жетти. 

Биринчи болуп жаңы Зеландиялык Жозеф НЭЙШН келгени белгилүү. Экинчи болуп америкалык спортчу Том Швембергер жеткен. Үчүнчү болуп дагы бир жаңы Зеландиялык Руфус Винлок барды. Андан кийинкилер нидерландиялык Рон Русмален, франциялык Марин де Сент-Экзюпери, улуу британиялык Ангус Яаң, кыргызстандык Влад Подофёдов, германиялык Патрик Стаубах, улуу британиялыктар Ханна Симон жана Девид Никольс. Веломарафон 17-августта Бишкектен старт алган. Жарышка катышуу үчүн 35 өлкөдөн 173 спортчу келген. Марафон 31-августта Чолпон-Ата шаарында аяктайт.