Жаңылыктар
Чүйдө 375 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүйдө 375 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Жайыл районунда 375 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдады.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө "Дан" мамлекеттик ишканасына таандык Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында жайгашкан 375 га айыл чарба багытындагы жер 2005-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, андан ары жеке тараптарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө Башкы прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде жалпы баасы 134 млн 73 миң 600 сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен мамлекеттик баланска алынды.