27-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30 градус ысыйт.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 29…31° ысык болот.