Мектептеги окуучуларды китеп менен толук камсыздоо үчүн 17 млн. китеп керек. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, кыргыз, орус тилдеринде окуткан мектептерде 129, өзбек жана тажик тилдеринде окуткан мектептерге 147 аталыштагы окуу китептери талап кылынат.
2012-2022-жылдарда окуучулардын саны 435 миң 414 балага өсүп, жалпы 1 миллион 717 болгон.
Учурда мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондунда 11 миллион 816 миң 255 окуу китеби бар. Бул жалпы китепке болгон муктаждыктын 68,5% түзөт