Окуу башталары менен мугалимдерге 24 миң ноутбук берилет. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, ноутбуктар табигый илимдер боюнча сабак берген мугалимдерге берилет.
Ар бир ноутбуктун ичине электрондук китептер киргизилет.
Мындан тышкары дагы 90 миңге жакын мугалимди ноутбук менен камсыздоо пландалууда.