Жаңылыктар
Быйыл картошканын түшүмү мол болууда
Айыл чарба
Быйыл картошканын түшүмү мол болууда

Өлкө боюнча 300 миңден ашуун тонна картошка казылды. Орто эсеп менен алганда бул өткөн жылдын ушул учуруна караганда 22 миң тоннага көп дегенди билдирет. 

Мындай маалымат менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги бөлүштү. Билдирмеге ылайык, бул жылда картошканын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 170 центнерди түзүп, былтыркыга караганда ар бир гектардан 4,2 центнерге көп болууда. Картошка өзгөчө Ысык-Көл, Чүй облустарында жакшы түшүм берген. Мындагы дыйкандар гектарынан 184 центнерден түшүм алышууда. Учурда мөмө-жемиш, жашылчаларды жыйноо да кызуу жүрүп жатат. 

Ушул тапта өлкөдө 538,5 миң тонна жашылча жана 221 миң тонна мөмө-жемиш жыйналган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 22 миң тоннага көп. Кылкандуу дан эгиндери, буудай, арпа 398,8 миң гектардан жыйналды же жалпы аянттын 81,2 пайызындагы түшүм жыйналып бүткөнү белгилүү болду.