Жаңылыктар
31-августа 15 миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт
Кыргызстан жаңылыктары
31-августа 15 миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого 15 миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 31-августта өлкөдө эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. 

Ушуга байланыштуу, бүгүнтөн тарта "Укук тартип" аталышындагы комплекстүү алдын алуу ыкчам иш-чарасы уюштурулат. Бул иш-чаранын алкагында “Арсенал”, “Нелегал”, “Селсаяк” аталышындагы алдын алуу рейддери өтөт. Ал 28-августка чейин созулат. Бишкек шаарында өтө турган майрамдык иш-чараларга ИИМдин 5 миңден ашык кызматкери тартылат. Буга байланыштуу, Ички иштер министрлиги Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган чараларды туура түшүнүп, кабыл алышса деп өтүнүүдө.