Жаңылыктар
Бишкек Жылуулук электр борборуна 180 миң тонна көмүр келүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек Жылуулук электр борборуна 180 миң тонна көмүр келүүдө

2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр келе баштады.

Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБде «Агулак» участкасынан, Миң-Куш кенинен 180,0 миң тонна көлөмүндөгү жогорку калориялуу көмүр келүүдө.

Ошондой эле импорттук «Д» маркасындагы көмүрдү 250,0 миң тоннага, «Кыргызкөмүр» МИ менен Кавак көмүрүн алып келүүгө 520,0 миң тоннага келишимдер түзүлүп, 50,0 миң тонна көлөмүндө кыргыз көмүрүн алганга тендер жарыяланган.

Ал эми 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү аяктоо үчүн 1 000 000 тонна көмүр, 110 679 млн м³ газ жана 8 000 тонна мазут менен электр жана жылуулук энергиясы менен камсыздоо пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, жеткирүүлөр белгиленген графиктерге ылайык, 2024-жылдын августунан 2025-жылдын мартына чейин жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө ЖЭБдин кампаларында 194,0 миң тонна көмүр бар.