Жаңылыктар
Окумуштуу Илгиз Айтматов дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Окумуштуу Илгиз Айтматов дүйнө салды

Кыргызстанга гана эмес, дүйнөгө таанымал, белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган иниси, окумуштуу Илгиз Айтматов бүгүн таңда дүйнө салды. 

Ал тоо-кен геомеханикасы боюнча илимпоз, техника илимдеринин доктору, илим жана техника боюнча СССРдин жана Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Окумуштуу 93 жашта эле. Илгиз Айтматов - 1990-93-жылдары Илимдер улуттук академиясына президент болгон. Анын илимий эмгектери негизинен кендерди коопсуз жана натыйжалуу иштетүү, чоң гидротехникалык курулуштарды куруу, айлана-чөйрөнү коргоо, тоолуу аймактардагы табигый жана техногендик кыйроолорго арналган. 

Ал 260тан ашык илимий эмгектин, 15 ойлоп табуунун автору. Тоолуу аймактарда чыңалуунун калдыгынын секирик түрүндө бошонуусу жөнүндө илимий ачылыш жасаган. 2003-жылы III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.