Жаңылыктар
Бишкек ЖЭБине көмүр ташылып келе баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек ЖЭБине көмүр ташылып келе баштады

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында, Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр ташылып келе баштады. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Ошентип, бүгүнкү күндө Бишкек ТЭЦине Нарындын Ак-Улак кенинен казылган 180 миң тонна көлөмүндөгү жогорку калориялуу көмүр келүүдө. 

Ошондой эле "Д" маркасындагы 250 миң тонна көмүрдү четтен алып келүүгө жана "Кыргыз көмүр" ишканасы менен 520 миң тонна Кабак көмүрүн алууга келишим түзүлүп, 50 миң тонна кыргыз көмүрүн алууга тендер жарыяланган. Жалпысынан 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү аяктоо үчүн 1 млн тонна көмүр, 110 млн кубометр газ жана 8 миң тонна мазут алып, калкты электр жана жылуулук энергиясы менен камсыздоо пландаштырылууда. Белгилей кетсек, жеткирүүлөр белгиленген графиктерге ылайык, быйылкы жылдын августунан 2025-жылдын март айына чейин жүргүзүлөт.