Жаңылыктар
Ала-Тоо борбордук аянтынын аймагы көрктөндүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ала-Тоо борбордук аянтынын аймагы көрктөндүрүлөт

Жакында борбор калаада "Ала-Тоо"борбордук аянтын реконструкциялоо аяктайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка караганда, флагшток жана фонтандар гана жаңыланбастан, жашыл аянт дагы жаңыланат.
 

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын адистери авариялык жана куураган көчөттөрдү алып, анын ордуна 12 даана жаш көчөт отургузушту. Ошондой эле, жаңы аянттын айланасы ар кандай оймо-чиймелер менен кооздолуп, тагетеса, сальвия, целозия жана агератум сыяктуу бир жылдык гүлдөр менен жасалды.

Эскерте кетсек, буга чейин жашылдандыруучулар проспектини бойлой жашыл зонаны реконструкциялоону баштаган жана аяктоого жакындап, топуракты төмөндөтүү жана газондорду себүү, автоматтык сугаруу системасын орнотуу, Панфилов көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки узундугу 550 погондук метр жаңы ирригациялык лотокторду орнотуу, авариялык жана куурап калган өсүмдүктөрдү алуу сыяктуу иштерди аткарып жатышат.