Жаңылыктар
Ысык-Көлдө чиновник ээлеп алган 6 млн. сомдук кампа мамлекетке өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө чиновник ээлеп алган 6 млн. сомдук кампа мамлекетке өттү

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында жайгашкан 700 чарчы метр аянты менен 1 га өлчөмүндөгү дан кампасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УККМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  2000-жылдын башында С.Б. аттуу экс-чиновник кызматтык абалынан пайдаланып, Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин мүмкүнчүлүгү аркылуу документтерди жасалмалап, 1 га жер тилкеси менен дан кампасын жеке менчигине өткөрүп алган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында С.Б. аттуу жаран жасалма документтерди мойнуна алып, мамлекеттин балансына 6 млн. 100 миң сомду түзгөн дан кампасын өз ыктыяры менен өткөрүп берди.