Жаңылыктар
Кыргызстанга келе турган учак Канадада сыноодон ийгиликтүү өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга келе турган учак Канадада сыноодон ийгиликтүү өттү

Мамлекеттик "Асман аба каттамдары" авиакомпаниясынын Кыргызстанга алып келе турган учагын Канадада учуруп көрүп, самолет сыноодон ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты. 

Сөз болуп жаткан "Bombardier Dash Q8-400" үлгүсүндөгү аба кемеси Канаданын заводунда чыгарылган. Ал жакта учакты учуруп көргөндөн кийин самолет коопсуздуктун жогорку стандарттарына жана техникалык мүнөздөмөлөрүнө ылайык келе турганы ырасталды. "Bombardier Dash Q8-400" үлгүсүндөгү учак жакынкы күндөрү келет. Ал өлкөгө алып келинери менен облус аралык авиакаттамдардын негизинде аймактарга уча баштайт.