Жаңылыктар
Бүгүн Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт
Спорт
 Бүгүн Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт

Бүгүн, Парижде 17-жайкы Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтөт. Салтанаты Олимпиада оюндарындай стадиондо болбойт, бул ирет параспортчулар Елисей талаалары бульварын бойлой басып өтүшөт. Муну менен Франциянын маданий жана тарыхый мурастарына басым жасоого маани берилүүдө. 65 миңдей көрүүчү катышуучуларды салтанаттуу түрдө тосуп алышат. 

Паралимпиада оюндары 8-сентябрга чейин өтөт. Мелдешке 182 өлкөдөн 4400 спортчу катышат. Анда спорттун 22 түрү боюнча беттештер Олимпиада өткөн 16 стадиондо жана ареналарда орун алмакчы. Жалпысынан 549 медаль топтомдору ойнотулат. Паралимпиада оюндарына Кыргызстандан төрт спортчу катышат. Алар: жеңил атлетика боюнча Гүлназ Жүзбаева, триатлон боюнча Айтунук Жоомарт кызы, дзюдо боюнча Маматибраим Суранов, пауэрлифтинг боюнча Миргүл Болоталиева. Белгилей кетсек, Бишкекте 21-август күнү Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандын Паралимпиада курама командасын жайкы Паралимпиада оюндарына узатып, мамлекеттик тууну курама команданын капитаны Маматибраим Сурановго тапшырган.