Жаңылыктар
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Өзбекстанда өтөт
Спорт
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Өзбекстанда өтөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Өзбекстанда өткөрүлмөй болду. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кошуна мамлекетке аталган ири спорттук иш-чараны уюштурууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү тапшырды. 

Бүгүн ал Казакстандын Астана шаарында 8-сентябрынан 14-сентябрына чейин өтө турган 5-Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын улуттук курама командасынын даярдыгы боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө спортчулардын тийиштүү даярдыгын камсыз кылуу жана башка уюштуруу маселелерин чечүү, анын ичинде оюндарды эфир аркылуу чагылдыруу, сейрек кездешүүчү жаныбарларды жана канаттууларды салттуу "Салбуурун" фестивалына катыштыруу үчүн алып барууга уруксат берүү маселелери талкууланды. 

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары - Кыргызстандын улуттук бренди. Алгачкы ирет 2014-жылы өтүп, андан кийин 2016, 2018-жылдары Кыргызстандын аймагында уюштурулган. 2022-жылы Көчмөндөр оюндары Түркияда болсо, быйыл Казакстанда өткөрүлөт. Ал эми, өлкөнүн жетекчилигинин чечими менен кезектеги оюндарды өткөрүү мүмкүнчүлүгү боордош Өзбекстанга берилген.